Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аба-ырайынын суукташына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишканада 12 ыкчам бригада нөөмөттө турушат.
Ыкчам чакырууларга атайын техника жана нөөмөттүк унаалар даярдалды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



