Бишкек-Кербен аба каттамы ишке кирет

1-марттан тарта Бишкек-Кербен каттамы ишке кирет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, каттамды ата мекендик авиакомпания аткарат. Учуулар жумасына бир ирет — ар ишемби сайын болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.