Жакынкы жети күндө Бишкек жана Чүй облусунда аба ырайы бир аз салкындайт.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 17-августтан 23-августка чейин күндүз абанын температурасы +32-33 градус болот. Бейшемби жана жума күндөрү 35 градуска чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн 19 градус жылуу болот.
Асман негизинен ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.



