Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз ордо калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

 

Министрлик жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.