Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп турат.
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасы билдиргендей, электр энергиясынын керектөөсү рекорддук деңгээлге жеткендиктен, жабдууларга күч келтирбөө үчүн Бишкек менен Чүй облусунун айрым аймактарында жарык эки саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн.
Мындай чара энергетикалык жабдуулардын бузулушун жана ири авариялардын алдын алуу максатында көрүлүүдө.



