Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тилкелер боюнча 29 доосун артка чакырды

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тилкелер боюнча 29 доосун артка чакырды. Мындай чечим маселени соттон тышкары чечүү максатында кабыл алынды.

 

Ленин районунун акимине алгач жарандарга алардын жер тилкесине теңдеш баалуу участокту сунуштоо тапшырмасы берилди, алар баш тарткан учурда гана жердин кадастрдык баасын төлөп берүү каралат. Мэрия жер колдонууга байланыштуу бардык маселелерди мыйзам чегинде чечүү аракетин улантат.