Бишкек мэриясына узундугу 12 метр болгон 95 жаңы автобус тапшырылды

Бишкек шаарынын мэриясына узундугу 12 метр болгон 95 жаңы автобус тапшырылды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, коомдук транспорт Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында сатылып алынган.

 

Мындан тышкары, муниципалитетке 42 даана атайын техника берилди. Алар бюджеттик каражаттардын эсебинен алынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.