Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9дан 4кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат.


