Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. Бул Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу, — дешти “Кыргыз темир жолу” ишканасынан.
15-майдан 19-майга чейин трассанын 131-чакырымында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эртең мененки саат 9дан 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.
Бул учурда жолдо бир тараптуу кыймыл уюштурулат.