Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна 500 көчөт отургузулду

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна 500 түп карагайдын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле жол боюн жашылдандырууга багытталган.

 

Белгилеп кетсек, быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүнө да бак отургузуу пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.