Бишкек – Ош багыты боюнча ылдам поезд каттамын ишке киргизүү каралууда

Бишкектен Ошко чейин 6-8 саатта жете турган ылдам поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

 

Анын айтымында, бул демилге өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорунун алкагында каралууда.

 

Белгиленгендей, аталган темир жол долбоору өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүп, аймактар аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.