Бишкек – Ош багыты боюнча учак баалары 8 миң 820 сомдон 7 миң 600 сомго төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.
Ал белгилегендей, акыркы убакта бул каттам боюнча баалар кескин кымбаттаган.
Буга байланыштуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында ички каттамдарды жүргүзгөн авиакомпаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Анда авиабилеттердин тарифи, авиакеросиндин баасынын таасири жана билеттерди сатууда колдонулган үстөк акылар талкууланды.


