Бишкек — Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, кар жана таш көчкү коркунучу жогору аймакта коопсуздукту камсыздоо үчүн узундугу 742 метр болгон эки тилкелүү туннель салынат.
Долбоордун алкагында таш кулоодон коргоочу курулмалар жана жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар да пайда болот. Учурда даярдык жана курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоорду 2028-жылы бүтүрүү пландалууда.



