Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек – Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түштүк» ишканасынан билдиришти.
Бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.
Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.



