Бишкек — Ош жолундагы Арал постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 209-255-чакырымдар аралыгын тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери журүүдө.
Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



