Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жаңы мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Анда лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы жайгашат.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин, эки нөөмөттө 2 миң 500гө жакын окуучу билим ала алат.



