Бишкек шаарында учак кырсыкка кабылды

«Кыргызстан аэропорттору» мамлекеттик ишканасы ырастагандай, учурда жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Оор жаракат алгандар жок. Медиктер жеринде биринчи жардам көрсөтүүдө.

 

Социалдык тармактарга тараган сүрөт, видеолордон көрүнүп тургандай, учак канаты сынып, жерге жатып калган.

 

Самолет Бишкектен Ошко учуп баратканы айтылууда. Учакта 181 жүргүнчү, ошондой эле эки учкуч жана төрт борт коштоочу болгон.

 

Авиакомпания кыргыз футбол курама командасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт.

 

«Манас» эл аралык аэропортунан аба каттамдары убактылуу токтотулду.