Бишкек – Жалал-Абад аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү

Бишкек – Жалал-Абад аба каттамдарынын саны көбөйтүлдү. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, 8-марттан тарта ордо калаадан Жалал-Абад шаарына кошумча каттамдар ачылды.

 

Эми самолеттор аталган багыт менен жумасына 7 жолу учат. Эске салсак, буга чейин аталган каттам жумасына 4 жолу дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.