“Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоорунун алкагында 12 миллион сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Долбоорго эки мамлекеттик банк тартылган.
Программага бөлүнгөн насыянын жалпы суммасы 200 миллион сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 98 субъект жеңилдетилген кредит алды.



