Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу процессин жеңилдетилген шартта каржылоо уланат

Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу процессин жеңилдетилген шартта каржылоо уланат. Энергетика министрлиги долбоорду ишке ашырууга киришти. Анын алкагында газга кошулууга, газ казандарын орнотууга, керектүү материалдарды сатып алууга жана монтаж иштерине жеңилдетилген насыя берилет.

 

Демилге газдаштыруу деңгээлин жакшыртууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө багытталган. Каржылоо физикалык, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге жеткиликтүү. Максималдуу сумма 150 миң сомду түзөт.