Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө 12-13-мартта маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Чектөөлөр Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик иш сапары менен келгендигине байланыштуу киргизилет. Маалыматка ылайык, тажик делегациясы өткөн учурда “Манас” аэропортунун жолу, Фучик көчөсү, Манас, Чүй, Айтматов проспектилери тосулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



