Бишкек Жылуулук электр борбору жогорку даярдык режимине өттү

Мэриянын маалыматына ылайык, бул алдыдагы катуу суукка байланыштуу.

 

Объекттин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн авариялык бригадалар күчөтүлүп, техникалык жана оперативдүү персонал сутка бою кезектешип иштөөгө өттү.

 

Мындан тышкары, негизги жана кошумча жабдуулардын иши көзөмөлгө алынууда. Ишкананын бардык кызматтары ыңгайсыз кырдаалдарга тез жооп берүү үчүн үзгүлтүксүз байланышта турушат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.