Бишкекте 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөө системасы күчүнө кирет

Бишкекте 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөө системасы күчүнө кирет.

 

Бул боюнча шаардык кеңеш тиешелүү чечим кабыл алды. Жол кире баасы автобустар жана электробустар үчүн 17 сом, ал эми кичи автобустар үчүн 20 сом бойдон калат.

 

Бирок транспорт картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөргө 60 мүнөт ичинде акысыз кайра отуруп кетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ай сайынкы транспорт картасы окуучулар үчүн 360 сом, ал эми стандарттык баасы 1 миң 20 сомду түзөт. Мэрия бул система транспорттун коопсуздугун жогорулатып, төлөмдөрдү ачык-айкын кыларын белгиледи.