Бишкекте 1-июлдан тартып муниципалдык автобустарда накталай акча менен төлөм жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкекшаартранспорт” ишканасынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.
Буга чейин жүргүнчү электрондук төлөм жүргүзө албаса автобуска киргизилбей турганы айтылган. Учурда Бишкекте автобуста жүрүү акысы — накталай эмес түрдө төлөнсө 17 сом, накталай 20 сом.



