Бишкекте 1-июлдан тартып сегиз автобустук каттамга өзгөртүү киргизилет

Бишкекте 1-июлдан тартып сегиз автобустук каттамга өзгөртүү киргизилет. Мэрия мындай чечим буга чейин айтылган коомдук транспорттун ишин реформа кылуунун алкагында кабыл алынганын билдирди.

 

Өзгөртүү №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 каттамдарына тиешелүү болот. Шаар бийлиги тургундарды жана конокторду сапарларын алдын ала пландап, жаңыланган вариантты эске алууга чакырды.