Бишкекте 1-сентябрда бюджеттик уюмдардын кызматкерлери эс алат

Бишкек шаарында иштеген кызматкерлердин айрым категориялары үчүн 1-сентябрь дем алыш болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскерткендей, тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

 

Ага ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, мекемелер жана ишкана кызматкерлери иштебейт. Ал күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.

 

Токтом Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүү учурунда транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.