Бишкекте 100гө жакын автоунаа жолу оңдолуп жатат

Бишкекте 99 автоунаа жолу жана 21 тротуар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, анын ичинен 43 автоунаа жолу, 13 тротуар боюнча иштер аяктады.

 

Мэрия бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.