Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Бишкекте №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00.

Эске салсак, автобус атайын белгиленбеген жерде токтобойт.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.