Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда

Бишкекте 22-октябрдан баштап жылуулук берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди. Анын айтымында, суук түшкөнүнө байланыштуу, быйыл ордо калаада жылуулук сезону адаттагыдан эрте башталууда.

 

Эске салсак, Бишкекте аба ырайы беш сутка катары менен  8 градустан төмөн болсо жылуулук берилет. Жылытуу алгач бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилерден башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.