Бишкекте 25-31-декабрь күндөрү жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жарманке күн сайын эртен мененки саат 9дан кечки саат 6га чейин Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде иштейт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



