Бишкекте 28-майдан тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Чара августтун аягына чейин күчүндө болуп, ысык аба-ырайында жол катмарын коргоого багытталган.
Чектөөлөр аба табы 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Өзгөчө көзөмөл жаңы оңдолгон көчөлөрдө жүргүзүлөт. Милиция жана муниципалитет кызматкерлери тыюунун аткарылышына рейд өткөрөт. Зарыл болсо кошумча чаралар киргизилет.



