Бишкекте 40 кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга ылайык курулат

Бишкекте 40 кабаттуу үйлөр сейсмикалык талаптарга ылайык курулат. Буга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, бардык эсептөөлөр, конструкциялар, коопсуздук нормалары бирдиктүү стандарттар боюнча иштелип чыккан. Жарандар кабатыр болбошу керек, анткени курулуштун сапаты бир нече этаптуу текшерүүдөн өтөт, — деди Тотубаева.

 

Белгилеп кетсек, Достоевский көчөсүндө жайгашкан турак жай комплекси 35-40 кабаттуу үйлөрдөн турат. Батирлердин жалпы саны — 4 миң 160. Анда үч деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай, спорттук жана балдар аянтчалары каралган.