Бишкекте 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы карызы үчүн өчүрүлүшү мүмкүн. “Бишкек электр тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, 23-июнда автоматташтырылган система аркылуу карызы бар абоненттердин электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт.
Ишкана жарандарды электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырды. Төлөмдөр почта, терминалдар жана электрондук капчтыктар аркылуу кабыл алынат.



