Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсү эки жумага жабылат

Бишкекте Абсамат Масалиев көчөсүнүн Түштүк дарбаза аймагындагы бир бөлүгү эки жумага жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жол кыймылы бүгүнтөн тарта 23-июнга чейин чектелет. Мындай чара жер алдына өтмөк куруу иштерине байланыштуу.