Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Айтматов проспектисинин Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.
Долбоордун мөөнөтү 1-июлга чейин деп белгиленген. Ал эми аткаруучу компания 15-июнга чейин калыбына келтирүү иштерин аяктоого ишендирди. Белгилеп кетсек, Ахунбаев көчөсүндө оңдоо жумуштары этап-этабы менен жүрүүдө.