Бишкекте айланма жолду кеңейтүү башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Узундугу 33,4 чакырым жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, тротуар жана байламта жолдорду куруу пландалууда.
Трассанын уландысы Бишкек — Торугарт трассасына кошулат. Жолду кеңейтүү үчүн 300дөн ашык мыйзамсыз курулуш алынып, трасса жээгине тротуар түшөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



