Бишкекте айына 100 миң чарчы метрден ашуун ковролин чыгарган ишкана ачылды

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

 

Өндүрүш “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Анда Түркиядан алып келинген атайын жабдуулар орнотулуп, жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 300 млн сомду түздү. Анын 1 млн долларын Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.

 

Биринчи этапта Борбор Азия жана ЕАЭБ рынокторуна багытталган ковролиндин төрт түрү чыгарылууда. Ишкананын базасында 30 жумушчу орун түзүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.