Бишкекте акыркы 3 жылда 9 мектеп, 15 кошумча корпус жана 23 бала бакча курулду. Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, бул жаатта иштер улантылып, айрым мектептер модернизациядан өтүп, инклюзивдүү принцтиптерге шайкеш келтирилет.
Жыл сайын билим берүү мекемелеринде капиталдык ремонт жүргүзүлүүдө. Быйыл бул максатта 1 миллиард сом бөлүнгөн, — деди Жунушалиев.



