Бишкекте «Алтай» шаарчасынын курулушу уланууда

Бишкекте турак жай жана социалдык инфраструктураны камтыган «Алтай» шаарчасынын курулушу уланууда.

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, долбоордун алкагында 1 миң 500дөн ашык беш кабаттуу үй куруу пландалган. Жалпысынан ар түрдүү планда 34 миң батир каралып, курулуштун жалпы аянты 1 млн 7 миң чарчы метрден ашат.

 

Шаарчанын аймагында мектеп, бала бакча, поликлиника, оорукана, реабилитациялык борборлор, милициянын аймактык бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу кызматтарынын борборлору жайгаштырылат.

 

Бүгүнкү күндө шаарчанын 600гө жакын блогунда дренаждык системаларды куруу иштери аяктап, пайдубалдарды бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.