Бишкекте алты миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте алты миңден ашык абонент карыздын айынан жарыксыз калышы мүмкүн. Борбор калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү дүйшөмбү күнү, 28-апрелде болот.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн төлөмдөрдү алдын ала жүргүзүү керек. Муну терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.