Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көбөйүп, сыпаа кызматкерлерге сый акы кошулат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлүп, маданияттуу кызматкерлерге сый акы кошулат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинде комиссиянын жыйынында билдирди.
Аткаминер чечим жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү аракетине байланыштуу экенин белгилеген.

«Чынында бул чечимди кабыл алуунун негизги себептеринин бири — жол эрежелеринин бузулушу. Айдоочулар накталай төлөм болгон учурда кошумча киреше табам деп эреже бузуп айдашат. Ошондуктан накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. 15 пайызы буга чейин көтөрүлдү, дагы ошончого көбөйтөбүз», — деди Алиев.

Мындан тышкары, айдоочулардын тартиби жана жүргүнчүлөргө болгон маданияттуу мамилеси үчүн кошумча төлөм каралары белгиленди.