Бишкекте автобустарда акысыз которулуп түшүү тарифи популярдуу болууда

Бишкекте автобустарда акысыз которулуп түшүү тарифи популярдуу болууда.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, система ишке кирген алгачкы алты күндө жүргүнчүлөр  56 миңден ашык жолу акысыз которулуп түштү.

 

Бул үчүн биринчи жол кирени накталай эмес төлөө жетиштүү. Андан кийин 60 мүнөттүн ичинде башка муниципалдык коомдук транспортко акысыз өтүүгө болот. Мэриядан белгилешкендей, жаңы система шаар тургундарынын жол киреге кеткен чыгымын азайтып, коомдук транспортту колдонууга ыңгайлуулукту арттырууда.