Бишкекте автобустарда жол акысын текшерүү рейддери күчөтүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, инспекторлор күн сайын коомдук транспортто жол киренин төлөнүшүн текшерүүдө. Жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, 1-июлдан тарта муниципалдык автобустарда жол кире банк картасы, QR-код же “Тулпар” картасы аркылуу гана төлөнөт.



