Бишкекте бүгүнтөн тарта №64 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта №64 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин автобус Иманкулов көчөсү менен Ынтымак конушуна чейин каттап келген.

 

Эми ал Садырбаев жана Орто көчөлөрү менен Ынтымак конушуна барат. Өзгөртүүлөр жашоочуларынын кайрылууларынын негизинде киргизилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.