Бишкекте баланы жаңы окуу жылына даярдоого ата-энелер орточо 20 миң сомдон көп коротушу мүмкүн

Бишкекте баланы жаңы окуу жылына даярдоого ата-энелер орточо 20 миң сомдон көп коротушу мүмкүн. “Кабар” агенттигинин маалыматына ылайык, канцелярдык товарлардын эң керектүү топтомун болжол менен 1 миң сомго сатып алса болот.

 

Ал эми мектеп формасынын баасы 500 сомдон, бут кийим 1 миң 500 сомдон башталат. Базарларда жана мектептерде айрым кийим-кече жана спорттук буюмдардын кымбаттаганы катталды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда башталат.