Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленет

Бишкекте Балдарды коргоо күнү белгиленет. Мэрия маалыматына ылайык,   1-июнда эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин Ала-Тоо аянтында наристелер үчүн оюн-зоок аянттары, чеберчилик класстар, сынактар, спорттук оюндар уюштурулат.

 

Андан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкекте “Наристе” аттуу эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана 10 мамлекеттин өкүлдөрү катышат.