Бишкекте бир күндө 720 миңден ашуун жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү.
Мэрия маалыматына ылайык, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттогу кызматтын сапатын жогорулатып, каражаттын ачык-айкын түшүшүн камсыздайт.
Ошондой эле айдоочулардын айлыгы быйыл апрель айынан тарта 33 пайызга жогорулатылган. Эске салсак, 1-июлдан тартып Бишкекте жол кирени төлөөнүн накталай эмес системасына толук өтүү күчүнө кирди.



