Бишкекте быйыл Пионер көлү реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Мэрдин айтымында, буга чейин Комсомол көлү реконструкцияланып, ачылган. Кара-Жыгач багын өнүктүрүүгө шаар казынасынан 50 миллион сом бөлүнөт, зарыл болсо, сумма көбөйтүлөт, — деди Жунушалиев.


