Бишкекте Чүй проспекти кеңейтилет.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти Чүй проспектинин Курманжан Датка көчөсү менен кесилишинде унаа кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты.
Буга байланыштуу 29-майдан тарта жол белгилерин жаңыртуу, газон тилкесин кичирейтүү менен жолду кеңейтүү, аялдаманы жылдыруу жана башка иштер аткарылат.