Бишкекте Чокан Валиханов көчөсү аркылуу өтүүчү техникалык каналда жаңы көпүрө курулат

Бишкекте Чокан Валиханов көчөсү аркылуу өтүүчү техникалык каналда жаңы көпүрө курулат. Мэриядан билдиришкендей, бул тилке өтө тар жана тротуарлар жок болгондуктан, айдоочуларга дагы, жөө жүрүүчүлөргө дагы маселелерди жаратып келген.

 

Жаңы көпүрөнүн узундугу 90 метр болсо, кеңдиги 6 тилкеден турат. Объект кийинки жылдын июнь айында колдонууга берилет.